Жаңылыктар
Шайлоо алдындагы үгүт иштерине аралашкан жетекчилер кызматтан алынды
Шайлоо 2023
Шайлоо алдындагы үгүт иштерине аралашкан жетекчилер кызматтан алынды

Парламенттик шайлоо алдындагы үгүт иштерине аралашкан бир катар мамлекеттик мекеме жетекчилери кызматтан алынып, ага катар дагы бир нече кызмат адамдарына сөгүш жарыяланды. Алардын арасында акимдер, шаар мэрлери, окуу жайлардын ректорлору жана мугалимдери бар. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров билдирип, ал шайлоо өнөктүгү учурундагы тиешелүү мамлекеттик мекемелердин милдеттери жана кызматкерлердин иш-аракеттерин тескеген президенттин жарлыгын айрым жетекчилер тиешелүү турдө аткарбай жатканын сынга алды.

Шайлоо өнөктүгүнүн кайсы гана иш-чаралары болбосун ага мамлекеттик кызматкерлердин кийлигишүүсүнө бул жолу катуу тыюу салынарын президент Садыр Жапаров буга чейин бир нече жолу, өткөн айда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери- аким, губернаторлор, шаар мэрлери жана айыл өкмөт башчылары менен болгон жолугушуусуна да билдирип, шайлоого аралашкан кызмат адамдарына катаал чаралар көрүлөрүн эскерткен.