Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкери кармалганын УКМК билдирди. Ал пара алып жаткан жеринен колго түшүрүлгөн.
Кызматкер жеке кызыкчылыгын көздөп, жарандарга акча уурдоо фактысы боюнча жасалма арыз даярдаткан. Жыйынтыгында, моралдык-психологиялык кысым көрсөтүү жолу менен арызды кароону токтотуу үчүн 80 миң сом талап кылган. Бул материал "опузалап пара алуу" боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. УКМК ИИМдин криминалдык милиция кызматы менен биргеликте Октябрь районунун Көк-Жар айылында пара алып жаткан жеринен аталган райондун криминалдык милиция кызматынын башчысынын орун басары колго түштү.
Кармалган кызматкердин унаасынан ПМ жана АК-47 ок атуучу куралынын ок-дарылары, 5 миң 600 доллар жана белгисиз жарандардын бир нече паспорттору табылган. Шектүүгө Октябрь райондук сотунун чечими менен 2 айга УКМКнын тергөө камак жайына камоо түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды.