Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышкан 21 саясий партиянын 18и таза күрөш боюнча келишимге кол коюшту. Партиялар Конституциянын жана шайлоо мыйзамынын так сакталышына кепилдик берүүгө, бардык катышуучуларга бирдей шарттарды бийликтен талап кылууга макул болушту.
Тараптар улуттук коопсуздукка шек келтирген, абалды чыңалтууга жол бербөө тууралуу макулдашты. Мындан тышкары аймактар , улуттар жана диндер аралык кастыкты козутуу аракеттерине каршы чечкиндүү чараларды көрүүнү макулдашып, атаандаштарга карата такталбаган маалыматтын таркатылышы жоюлду. Жарыш адилет өтсө жеңилген партиялар жеңүүчүлөрдү куттуктап, алардын утулганын жана шайлоонун жыйынтыгын моюнга алууга милдеттенишет.