Жаңылыктар
БШК "Клооп медианын" айыптоосун четке какты
Шайлоо 2023
БШК "Клооп медианын" айыптоосун четке какты

"Клооп медиа" коомдук фондунун шайлоого байкоо жүргүзүүсүнө тыюу салынган эмес. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы кабарлады. 

Буга чейин “Клооп медиа” байкоочу катары каттоодон себепсиз баш тартты деген жүйө менен БШКны сотко берген. Борбордук шайлоо комиссиясы буга жооп кайтарып, аталган фонд жөнөткөн каттын мазмуну башкача экенин билдирди. Айтымдарында, БШК “Клооп медиага” түшүндүрмө гана берген.

“Бул жерде Конституция тууралуу жазыптыр. Бирок 28-ноябрда Конституцияны кабыл алуу эмес, парламенттик шайлоо жөнүндө сөз болуп жатат да. Ошондуктан биз аларга түшүндүрмө гана бергенбиз. Уставын оңдоп коюп, байкоочулук кылса болот. 28-ноябрга чейин дагы убакыт бар”,- деди Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Нурлан Койчукеев.