Жаңылыктар
Шайлоо 2021: КТРКда тегерек стол старт алды
Шайлоо 2023
Шайлоо 2021: КТРКда тегерек стол старт алды

Бүгүн, 11- ноябрдан тартып Жогорку Кеңештин VII чакырылышына талапкер партиялардын өкүлдөрүнүн катышуусунда тегерек стол талкуулары башталды.

Эфир 22:20да Коомдук биринчи каналда, “Биринчи радиодо” жана КТРКнын социалдык түйүндөрдөгү расмий баракчаларында, фейсбук https://www.facebook.com/KTRKkg жана ютуб каналыбызда https://www.youtube.com/c/KTRKkgchannel/featured түз эфирде көрсөтүлөт.

Тегерек стол мамлекеттик жана расмий тилде өтөт, күнүнө үчтөн партия- ар бир партиядан бирден өкүл катышат.

КТРК тарабынан берилип жаткан акысыз эфирдик убакыттарда буга чейин парламенттик шайлоого талапкер саясий партиялардын кайрылуулары дагы чыккан. Тегерек стол 19-ноябрь күнү жыйынтыкталып, 22-ноябрдан баштап теледебаттар болот.