Жаңылыктар
ИИМ: Кыргызстандын чек арасынан мыйзамсыз өткөн Өзбекстандын жараны кармалды
Чек ара
ИИМ: Кыргызстандын чек арасынан мыйзамсыз өткөн Өзбекстандын жараны кармалды

Кыргызстандын чек арасынан мыйзамсыз өткөн 1983-жылы туулган Х.С. аттуу Өзбекстандын жараны кармалды. Ал 2016-жылдан бери Кыргызстандын аймагында жүргөн. Бул ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы тарабынан мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча иштердин алкагында жүргүзүлгөн. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. 

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө атайын киши өлтүрүүгө шектелген бул жаран 2016-жылдан бери Өзбекстан Республикасынын укук коргоо органдарынан изин жашырып жүргөн жана мамлекеттер аралык издөөдө болгон. Азыркы учурда ал Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Анын башка кылмыштарга тиешеси бардыгын тактоо боюнча кошумча иш-чаралар жүрүүдө.