Жаңылыктар
Түрк тилдүү мамлекеттер биргеликте мыкты тасмаларды жаратууга ынтызар
Маданият
Түрк тилдүү мамлекеттер биргеликте мыкты тасмаларды жаратууга ынтызар

Түрк тилдүү мамлекеттердин атактуу продюсер, артисттери менен кинорежиссёрлору "Коркут Ата түрк дүйнөсү" эл аралык кинофестивалынын алкагында кызматташып, келечекте мыкты тасмаларды жаратууга ынтызар. 

Ушул күндөрү Стамбул шаарында түрк дүйнөсүнүн эл аралык кинофестивалы өтүп жатат. Ири маданий иш-чара түрк мамлекеттеринин кино тармагынын өкүлдөрү үчүн мыкты көпүрө болду. Баарлашып, ой бөлүшүп, максаттарды ишке ашыруу боюнча макулдашуулар ортого салынды. Фестиваль бүгүн ишин жыйынтыктайт. 

"Коркут Ата түрк дүйнөсү" эл аралык кино фествалы Стамбул шаарында биринчи жолу өтүп жатат. Мындан улам уюштуруучулар алгачкы фестиваль түрк тилдүү мамлекеттердин кино тармагынын өкүлдөрүнүн ортосунда кино тартуу боюнча ой-максаттар, баарлашуу, байланыш түзүү, сунуш-пикирлерди угууга чоң мүмкүнчүлүк берди деген ойдо. Кийинки фестивалда мында болжошкон ой-максаттарды, демилгелерди алдыга жылдырууга өбөлгө түзүлөт деген үмүт бар.