Жаңылыктар
Кыргызстандын электр жабдуулары жаңылоого муктаж
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстандын электр жабдуулары жаңылоого муктаж

Көмөк чордондорду, чубалгыларды жана башка жабдууларды оңдоого быйыл 340 миллион сомдон ашык каражат сарпталды. Бул тууралуу "Улуттук электр тармактары" ишканасы кабарлады. Адистер эскилиги жеткен объекттерди толук жаңыламайынча оңдоо иштерине убакыт да, каражат да сарптала берээрин билдиришүүдө.

Көмөк чордондордун көбү модернизациялоого муктаж. Маселен Чүй облусу менен Бишкек шаарына таандык 53 объекттин көпчүлүгү иштөө мөөнөтүн өтөп бүткөн. Оңдоо жумуштары гана оор абалды жеңилдетүүдө.

Кыргызстандын жалпы энерго тутуму эскирип, жабдууларды жаңысына алмаштыруу зарылчылыгы жаралууда. Ал эми электр энергиясын керектөө жылдан жылга жогорулап баратат. Реконструкция жүргүзүлмөйүнчө, жылдык оңдоо иштерине аз эмес каражат сарптала берет.