Жаңылыктар
Шайлоо - 2021: мыйзам бузууларга укуктук баа берилет
Шайлоо 2023
Шайлоо - 2021: мыйзам бузууларга укуктук баа берилет

Шайлоо мыйзамдарын бузуу боюнча бүгүнкү күнгө карата БШКга 62 кайрылуу келип түштү. Анын басымдуусун шайлоочулардын добушун сатып алуу жана административдик ресурсту колдонуу фактылары түзөт. Андагы кылмыштын белгилери эске алынып, укук коргоо органдары тарабынан иликтенмекчи. Андан соң күнөөлүүлөрдүн аракетине укуктук баа берилет.

БШКга түшкөн 62 кайрылуунун көбү Бишкек шаарынан жана Ош облусунан түшкөн. Көбү добуш сатып алуу, админресурсту колдонуу тууралуу фактылар. 

Анын ичинен бир кылмыш иши соттук кароого жиберилип, алтооно сотко чейинки өндүрүш иши жүргүзүлүүдө, 11 кылмыш ишин кыскартуу чечими кабыл алынды. Калгандары тастыкталбагандыгына байланыштуу токт отулганы белгилүү болду.