Жаңылыктар
Министрлер кабинети кризистик борборлорду каржылоону келерки жылы үч эсеге жогорулатты
Кыргызстан жаңылыктары
 Министрлер кабинети кризистик борборлорду каржылоону келерки жылы үч эсеге жогорулатты

Үй-бүлөлүк зомбулук маселесине мамлекет өзгөчө маани берет. Зордук-зомбулуктан жабыркагандардын кызыкчылыгын коргоо максатында Министрлер Кабинети кризистик борборлорду каржылоону көбөйтүү чечимин кабыл алды. Ошондой эле, бул социалдык көйгөйгө бөгөт коюу максатында маалыматтык кампанияны күчөтүү милдети турат. Ал эми зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдүн киргизилиши, жоопкерчиликти күчөтөт. 


Акыркы жылдарда зордук-зомбулукка кабылган жарандардын саны көбөйүүдө. Бул жылы үй-бүлөлүк зомбулукка 8 миң 405 адам дуушар болгон. Аларга Ички иштер министрлиги тарабынан 7 миң 316 убактылуу коргоо ордери берилген. Көрсөткүч өткөн жылга салыштырганда 1 миң 179га көп. Мындай көрүнүш арыздардын көбөйгөндүгүнөн эле эмес, милиция үй-бүлөлүк зомбулук фактыларды көп иликтей баштаганынан да кабар берүүдө.