Жаңылыктар
Түрк дүйнөсүнүн кызматташтыктагы багыты
Саясат
Түрк дүйнөсүнүн кызматташтыктагы багыты

Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешине мүчө мамлекет башчылары 2 жылга жакын убакыттан кийин кайрадан реалдуу режимде жумушун баштап, бул жолу лидерлер Түркиянын Стамбул шаарына чогулушту.

Коронавирус пандемиясынан улам кеңештин жыйыны буга чейин 2 жолу видеобайланыш аркылуу өткөн. Андыктан түрк мамлекеттеринин кезектеги 8-саммитинде көзмө көз жолугушуп талкуулай турган бир катар маселелер топтолгон. Ага жараша күн тартибинде мамлекет башчылары талкуулай турган маселелердин тизмеси да олуттуу.

Кезектеги саммиттин алкагында Стамбул шаарында түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин жаңы кеңсеси ачылды. Жыйындын расмий бөлүгүнө чейин мамлекет башчылары катчылыктын жаңы штаб-квартирасынын ачылышына, андагы туу көтөрүү аземине катышты. Биргелешип сүрөткө түшкөн соң, Түрк кеңеши өлкөлөрүнүн лидерлери катчылыктын жаңы кеңсесинде бейформал жагдайда баарлашууга киришти.

Кезектеги саммит- Түрк мамлекеттеринин эгемендүүлүгүнүн, көз каранды эместигинин 30 жылдыгы белгиленип жаткан тарыхый жылга туш келди. Мына ушул жыйында Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңеши Түрк мамлекеттеринин уюму болуп өзгөрүп, жаңы макамга ээ болду. Адистер белгилегендей, кеңеш расмий түзүлгөн 2009-жылдан бери Түрк тилдүү мамлекеттердин альянсы бир топ кеңейип, анын алдында бир нече багыттар боюнча институттар түзүлдү.

Кезектеги саммитте түрк тилдүү мамлекеттердин “Түрк инвестициялык фондун” түзүү иши соңуна чыкты. Жана президент Садыр Жапаров анын борбордук кеңсесин Бишкек шаарында жайгаштыруу сунушун киргизди. Азыркы экономикалык каатчылыкта өлкөлөрдүн бири бирин колдоо көрсөтүүсү зор мааниге ээ.