Жаңылыктар
Кыргызстандын энергетика тармагы жаңылоого муктаж
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстандын энергетика тармагы жаңылоого муктаж

“Башкы” көмөк чордону эң эски энергетикалык объекттердин бири. Анда көп жылдан бери эмгектенип келаткан адистер жыл сайын көйгөй көбөйүп баратканын байкашууда.

Көйгөй бул объект менен эле чектелбейт. Чүй облусу менен Бишкек шаарына таандык 53 көмөк чордондун көпчүлүгү иштөө мөөнөтүн өтөп бүткөн. Оңдоо жумуштары гана оор абалды жеңилдетүүдө.

Кыргызстандын жалпы энерго тутуму эскирип, жабдууларды жаңысына алмаштыруу зарылчылыгы жаралууда. Ал эми электр энергиясын керектөө жылдан жылга жогорулап баратат. Реконструкция жүргүзүлмөйүнчө, жылдык оңдоо иштерине аз эмес каражат сарптала берет. Маселен Улуттук электр тармактары ишканасы айрым жабдууларды алмаштырууга жана жалпы оңдоо иштерине быйыл 340 миллион сомдон ашык каражат жумшады.

Кыргызстандын энергетика тармагынын карызы 130 миллиард сомду түзөт. Бул республикалык жылдык бюджеттин жарымынан көп көлөм. Айрым ири объекттер насыянын эсебинен жаңыланган. Адистер тармактын оор абалга кептелишин туура эмес башкаруудан көрүшөт. Жылдап топтолгон көйгөй эми чындап көрүнө баштады. Элге кайрылуусунда президент дал ушул жагдайга өзгөчө токтолду.