Жаңылыктар
Шайлоо - 2021: элдин тандоосун камсыздоо
Шайлоо 2023
Шайлоо - 2021: элдин тандоосун камсыздоо

Парламенттик шайлоого 2 апта калды. Добуш берүү күнү жакындаган сайын үгүт иштери кызуу жүрө баштады. Пропорционалдык система аркылуу келе турган 56 мандатка 21 партиядан 1000ден ашык талапкер, ал эми можаритардык система менен бир мандаттуу округдардан 36 орунга 310 талапкер жер-жерлерде үгүт иштерин жүргүзүп жатышат. Алгач бир мандаттуу округдардан БШК 321 талапкерди каттаган. Бүгүнкү күндө анын 21ри жарыштан баш тартуу жөнүндө арызын берди. Ал эми, партиялар Боршайком тарабынан катталгандан кийин жарыштан чыккан көрүнүш орун ала элек.

Алдыдагы шайлоону кынтыксыз, ачык-айкын, таза өткөрүү боюнча Президент Садыр Жапаров катуу талап койгон. Себеби, ал өлкөдөгү коомдук-саясий абалдын стабилдүүлүгүнө түздөн-түз таасирин тийгизет. Буга чейинки окуяларга себеп болгон жер-жерлерде ачык эле колдонулган админресурс, шайлоочуларды акчага сатып алууларга тыюу салынууда. Президент бардык жооптуу кызматкерлерди өз милдеттерин так аткаруусун жана мыйзам бузууларга жол бербешин талап кылып жатат.

Мамлекет башчы шайлоо маалында бул маселе боюнча көйгөй жаралбагандай болушу керектигин эскертүүдө. Мындай талаптардын өлкө жетекчилиги тарабынан коюлганы мурда шайлоолордо колдонулуп келген ыплас ыкмалардын жолун бууду - дешет саясат талдоочулар.

Президент 1-ноябрда кол койгон “Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону эркин, таза, ачык-айкын өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгында тиешелүү жактардын жоопкерчилигин каралган. Мамлекеттик мекеме-уюмдар, анда иштеген кызматкерлердин бардыгына шайлоонун жүрүшүнө аралашууга толугу менен тыюу салынган. Ага бир гана аткаминерлер эмес, мугалим, дарыгерлер баштаган бюджеттик кызматкерлер кирет.