Жаңылыктар
"Айчүрөк" соода борборунун жанындагы фонтан жаңыртылды
Кыргызстан жаңылыктары
"Айчүрөк" соода борборунун жанындагы фонтан жаңыртылды

Кечээ кечинде борбор калаанын чок ортосунда жаңыртылган фонтандын ачылышы болду. "Айчүрөк" соода борборунун жанындагы фонтанда жерге улуттук орнаменти бар куйма таштар төшөлгөн. 

Аттын турпаты болсо куйма таштан жасалып, үстү жез менен капталган. Фонтан музыкалуу болот. Белгилей кетсек, бул комплекс 1976-жылы архитекторлор Мухамадиев, Ахиджанов, Сабиров жана Садыкбековдордун долбоору менен салынган. 

Ал эми фонтандын бүгүнкү күндөгү көрүнүшүн архитекторлор Касымов жана Султанов иштеп чыккан. Фонтанды реконструкциялоо иштери апрель айында башталган. Ачылышы башында пландалгандай эле өлкөнүн 25 жылдыгына карата болду.


Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118