Жаңылыктар
Майрамдын урматына улуттук ат оюндары өткөрүлдү
Спорт
Майрамдын урматына улуттук ат оюндары өткөрүлдү

Кыргызстандын эгемендик күнүнө арналган улуттук ат оюндары Бишкектеги “Аккула” ат майданында болуп өттү. 25 жылдык мааракеге карата көк бөрү жана ат чабыш түрлөрү боюнча мелдеш уюшулуп, аны көрүүгө 10 миңге жакын адам чогулган. Бул жолку көк-бөрү мелдешинде күчтүү делген оюнчулар катышкан жок. Тандалып алынган курама команда тобу Ысык-Көлдөн бери атайын көпчүлүк алдында келип Көчмөндөр оюндарына күч сынашууга бата алып кетти. Улуттук оюндар арасындагы мелдештен утуп чыккан күлүк аттарга жана улакчыларга акчалай сыйлыктар каралган. 

Көк-бөрүдөн Талас командасы 1-орунду ээлеп 1 миллион сомго ээ болду. Ош жергесинин “Достук” командасы 2- орунду алып 500 сом мөөрөйгө ээ болду. Акыркысы Сары-Өзөндүн улакчылары чыгып 250 миң сом алды.