Жаңылыктар
Конституцияны өзгөртүү мезгил талабы
Кыргызстан жаңылыктары
Конституцияны өзгөртүү мезгил талабы

Бүгүнкү иш-чарада сүйлөгөн сөзүндө Президент Алмазбек Атамбаев Конституцияга өзгөртүү киргизүү маселеси боюнча өзүнүн пикирин билдирди. Ал баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы чыгып жаткан Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн билдирүүсүн сынга алып, айрым саясатчылар бул жагдайдан пайдаланып бийлик өкүлдөрүн атайы каралоо аракетин көрүп жатканын белгиледи.

Президент революциядан кийин Убактылуу өкмөт түзүүгө, Конституцияга чукул өзгөртүү киргизүүгө да каршы болгонун билдирип, Роза Отунбаеваны президенттикке референдум аркылуу эмес, Жогорку Кеңешке спикер кылып шайлоо аркылуу алып келүү туура болмок деди. 

Андыктан Алмазбек Атамбаев Убактылуу өкмөттүн билдирүүсүндө жазылгандардын бардыгы жалган экенин, 2010-жылы Кыргызстан парламенттик эмес, президенттик-парламенттик республикага өткөнүн билдирип, аны өзгөртүү боюнча референдум сөзсүз өтүүгө тийиштигин белгиледи.


Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118