Жаңылыктар
Түркияда кыргыз-түрк бизнес-форуму өткөрүлүүдө
Экономика
Түркияда кыргыз-түрк бизнес-форуму өткөрүлүүдө

Түркиянын борбору Анкара шаарында 3 күн мурда башталган кыргыз-түрк бизнес-форуму уланууда. Эки өлкөнүн ишкерлери катышкан иш-чарага эки өлкөнүн соода, өнөр жай палаталарынын башчылары да катышып жатат. Форумдун жүрушундө соода-экономикалык кызматташтык, кичи жана орто бизнес, ошондой эле, Кыргызстанга түрк ишкерлеринин талабына туура келген соода зонасын түзүү сыяктуу негизги үч документке кол коюлду.

Мындан сырткары,  форумдун алкагында  Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине  киргенден кийинки эки өлкөнүн ортосундагы кызматташуу  кадамдары туурасында дагы маселе каралат.  Бизнес-форумга Кыргызстандык 100дөн ашуун ишкерлер катышууда. 

 

- See more at: http://ktrk.kg/ky/janylyktar/turkiyada-kyrgyz-turk-biznes-forumu-otkoruluudo#sthash.btYfjUr4.dpuf