Жаңылыктар
Шайлоо-2021. КТРКдан акысыз эфирдик убакыт бөлүү тартиби тууралуу
Шайлоо 2023
Шайлоо-2021. КТРКдан акысыз эфирдик убакыт бөлүү тартиби тууралуу

2021-жылы Парламенттик шайлоого катышып жаткан саясий партияларга жана бир мандаттык округ боюнча аттанган кандидаттарга КТРКдан акысыз эфирдик убакыт бөлүү тартиби тууралуу. 

2021-жылдын 28- ноябрына белгиленген парламенттик шайлоого катышып жаткан саясий партияларга, КТРК “Кайрылуу жасоо” үчүн 15 мүнөт, “Тегерек үстөл” үчүн 15 мүнөт, ал эми “Теледебат” үчүн 25 мүнөт өлчөмүндө эфирге чыгууга мүмкүнчүлүк түзүүдө жана бул эфирдик убакыттардын баардыгы кандидаттар үчүн акысыз экендигин билдирет. Буга БШКдан дагы, башка уюмдардан дагы эч кандай кошумча каражат каралган эмес.

 2011-жылдын 2-июлундагы №68 “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамынын 24-беренесине ылайык, КТРК мамлекеттик канал катары талапкерлерге, талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партияларга эфирдик убактысын акысыз берүүгө милдеттүү. Ошондой эле акысыз убакыттарды талапкерлерге жана саясий партияларга БШК бөлүштүрүп, эфирге чыгуу графигин жана тартибин чүчүкулак аркылуу аныктайт.

Баса белгилей кетүүчү жагдай, акысыз эфирдик убакыт бөлүп берүү үчүн БШК тараптан же республикалык бюджеттен акча каражат төлөнбөйт.

Биргелешкен үгүт иш-чараларына катышуудан баш тартканда же келбей калганда акысыз эфир убактысы башка убакта берилбейт.