Жаңылыктар
Ысык-Көл КМШ арасында белгилүү эс алуучу жайы деп таанылды
Туризм
Ысык-Көл КМШ арасында белгилүү эс алуучу жайы деп таанылды

Ысык-Көл мурунку союз курамындагы өлкөлөр арасында белгилүү эс алуучу жайы деп таанылды. Мындай тыянакты RoomGuru.ru порталы чыгарды. 

Алардын 2016-жылдын 1-июнунан 31-августуна чейинки иликтөөсүнүн жыйынтыгы ырастагандай, алдыңкы сап тизмегинде Кыргызстандын Ысык-Көлү, Казакстандын Боровоёсу, Белорустун Нарочу, Азербайжандын Лянькараны жана Армениянын  Севаны аталды. 

Ысык-Көл келечекте туристтердин ордосуна айланат. Бул үчүн каржы булактарын табуу аракети көрүлүп жатат. Экинчиден мурунку союз курамындагы  өлкөлөр арасындагы эң популярдуу шаар катары Минск аталды. Россиялыктар сапар тарткан он шаардын ичине Минск, Алматы, Баку, Астана, Ереван, Киев, Бишкек, Витебск, Кишинев жана Ташкент кирген. 

Бишкек эң арзан шаарлардын катарына кирсе, Астана эң кымбат шаар болуп эсептелди.

Кадыр Калилов