Жаңылыктар
Шайлоо-2021. Добуш сатып алуунун жаңы ыкмасына каршы чаралар
Шайлоо 2023
Шайлоо-2021. Добуш сатып алуунун жаңы ыкмасына каршы чаралар

Шайлоого байланыштуу электрондук төлөм жүргүзүүлөр жана терминал аркылуу акча жүгүртүүлөр тыкыр көзөмөлгө алынат. Борбордук шайлоо комиссиясынын отурумунда добуш сатып алуунун жаңы ыкмаларына каршы чаралар талкууланды. Атайын автоматташтырылган тутум шайлоо фонддорунун эсептерине жөнөткөн жана андан каражат алган жарандардын ар бирин идентификациядан өткөрөт.

Биометрикалык жабдуулар бир шайлоочу бир нече ирет добуш берген ыкмага бөгөт койгон. Ал эми электрондук урналар бюллетенди топ-тобу менен салууга каршы натыйжалуу ыкма болду. Бирок мындай заманбап жабдуулар да таза шайлоону камсыз кыла алган жок. Добуштарды массалык түрдө сатып алуу былтыркы парламенттик шайлоону жокко чыгарууга себеп болгон. Эми укук коргоо органдарына кармалып калбаш үчүн акчаны колдонгон колго эмес, электрондук түрдө которуу ыкмасы пайдаланылып жатканы коомчулукта айтылууда. Борбордук шайлоо комиссиясы ага каршы чараларды коммерциялык банктардын өкүлдөрү жана Финансылык чалгындоо мекемесинин, Улуттук банктын жетекчилери менен талкуулады.