Жаңылыктар
Баткен: Электр зымдарынын чыңалуусунан улам мечитте өрт чыкты
Кырсык
Баткен: Электр зымдарынын чыңалуусунан улам мечитте өрт чыкты

17-ноябрь күнү саат 01:36 чамасында Кызыл-Кыя шаарынын 15-кичи районундагы “Азирети-Нух” мечитинен өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. 

Өрттүн кесепетинен мечиттин 18 чарчы метр полу жана дубалы күйгөн. Өрт саат 01:53тө чектөөгө алынып, саат 01:58 толугу менен өчүрүлгөн.

Өрттүн себеби: электр зымдарынын чыңалуусу.