Жаңылыктар
Шайлоо: 158 мыйзам бузуу катталды
Шайлоо 2023
Шайлоо: 158 мыйзам бузуу катталды

Парламенттик шайлоо өнөктүгү башталгандан бери, башкача айтканда, ушул жылдын 29-октябрынан 17-ноябрына чейин 158 мыйзам бузуу катталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, добуштарды сатып алуу, административдик ресурс колдонуу фактылары боюнча мыйзам чегинде чаралар көрүлөт.

Аныкталган 158 мыйзам бузуунун ичинен 28 кылмыш жана 37 жорук, мындан тышкары, электрондук маалымат журналына 93 ар кандай билдирүүлөр катталган. Анын ичинен Жазык кодексинин "Шайлоочуларды сатып алуу" беренеси менен 21 факт, "Жеке жашоонун кол тийбестигин бузуу" боюнча 2 факт, "Уурдоо" боюнча 2 факт, "Бийлик өкүлүнө карата коркутуу же зомбулук көрсөтүү" беренеси менен 1 факт, "Өмүргө жана ден соолукка зомбулук көрсөтөм деп коркутуу" 1 факт, "Бейбаштык" беренеси боюнча 1 факт катталган. Көрсөтүлгөн мөөнөттө Жоруктар кодексинин "Административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча 18 факт, "Майда бейбаштык" боюнча 2 факт, "Башка бирөөнүн мүлкүн жок кылуу же бузуу" боюнча 8 факт, "Анча чоң эмес өлчөмдө уурдоо" менен 7 факт, "Ден соолукка анча оор эмес зыян келтирүү" боюнча 1 факт, "Башка бирөөнүн жер участогун өзүм билемдик менен басып алуу" беренеси менен 1 факт катталган.

Мындан тышкары, ички иштер органдарынын электрондук маалымат журналына 93 ар кандай материалдар катталган, анын ичинен 56 факт боюнча материалдар териштирилип, аныкталбагандыктан номенклатуралык ишке чыгарылган, 8 факты боюнча материалдар башка сотко чейинки өндүрүш иштерине бириктирилип каралууда, ал эми 17 факты боюнча материалдар аймактык шайлоо комиссияларына караштуулугу боюнча изилдөө үчүн жиберилген. Ошондой эле, 12 материал учурда каралууда. Ички иштер министрлиги шайлоо мыйзамдарын бузгандарга карата кылмыш жоопкерчилиги каралганын эскертет.