Жаңылыктар
УКМК: Добуш сатып алуу фактысы боюнча ишенимдүү өкүл кармалды
Шайлоо 2023
УКМК: Добуш сатып алуу фактысы боюнча ишенимдүү өкүл кармалды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети шайлоочуларды сатып алуу фактысы боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, шайлоочулар арасында акча каражаттарын бөлүштүрүү учурунда Бишкек шаарынын бир мандаттуу округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин биринин ишенимдүү адамы, Кыргызстандын жаранын кармады.

Такталгандай, ЖК депутаттыгына талапкердин жакын тууганы болгон киши, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Конституциялык мыйзамды бузуу менен, Бишкек шаарынын райондук жана үй комитеттеринин айрым төрагаларын мыйзамсыз үгүт иштерин жүргүзүүгө, шайлоочуларды акчалай сыйлык алуу үчүн сатып алууга көндүргөндүгү аныкталды. Ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүүнүн жүрүшүндө, соттун санкциясы менен 16-ноябрда акча каражатын бөлүштүрүү учурунда пара менен кармалган адамдан добуштарды сатып алуу боюнча төгүндөлгүс фактылар табылган. Ошол эле учурда кармалган жаранды жана анын унаасынан шайлоочулардын дареги көрсөтүлгөн тизмеси менен ири суммадагы акча табылган.

Сурактын жыйынтыгы менен кармалган жаран Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда жогорудагы фактыларды аныктоо жана документтештирүү, ошондой эле шайлоочуларды сатып алуунун жогорудагы мыйзамсыз схемасына тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

УКМК Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлер жана саясий партиялар тарабынан шайлоо мыйзамдары бузулган учурда, катуу чаралар көрүлөрүн эскертет.