Жаңылыктар
Коррупцияга каршы ишкердик кеңешке шайлоо мыйзамдарын бузуу боюнча 80 арыз түштү
Шайлоо 2023
Коррупцияга каршы ишкердик кеңешке шайлоо мыйзамдарын бузуу боюнча 80 арыз түштү

Коррупцияга каршы ишкердик кеңеш түзгөн "Адилет жана таза шайлоо өлкөнүн намысы үчүн" платформасына шайлоо мыйзамдарын бузуу боюнча 80 арыз түштү. Бул тууралуу аталган кеңештин аймактык өкүлдөрү билдирди. 

Кайрылуулардын негизин добуш сатып алуу, административдик ресурс колдонуу боюнча фактылар түзөт. Мындай көрүнүштөрдүн алдын алуу үчүн жер-жерлерде бардык тараптарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Бул Бишкек шаарынан бир мандаттуу округдан депутаттыкка аттанган талапкерлердин биринин ишенимдүү адамы. Ал шайлоочулар арасында акча бөлүштүрүү учурунда кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.