Талапкерлер үчүн берилген акысыз эфирдик убакытты пайдаланбагандарга, мүмкүнчүлүк башка убакытка жылдырып берилбейт. Мындай эреже шайлоо тууралуу атайын мыйзамда белгиленген. Талапкерлер же саясий партияларга каралган акысыз эфирдик убакыт үчүн Борбордук шайлоо комиссиясынан да каражат алынбайт. Бул ар бир саясий өнөктүктө ишке ашырылып келатат.
Талапкерлерге бирдей шарт түзүү максатында мамлекеттик телеканалдардан акысыз убакыт берүү атайын мыйзам менен бекитилген. Партиялык тизме аркылуу шайлануу жалпы өлкөнүн добуштарына таянгандыктан, ал борбордук телеканалдар же КТРК менен ЭлТР аркылуу жүзөгө ашырылат. Ал эми бир мандаттуу округтардан аттангандар аймактык телеканалдардан көрсөтүлөт.