Жаңылыктар
Коррупцияга каршы күрөш системалуу түрдө жүргүзүлөт
Коррупция
Коррупцияга каршы күрөш системалуу түрдө жүргүзүлөт

Мындан ары коррупцияга каршы күрөш системалуу түрдө жүргүзүлөт. Бүгүнкү күндө жемкорлукка байланыштуу маселелерди ортого салып, аны чечүү жолдорун талкуулоого Коррупцияга каршы ишкердик кеңеш аянтча болуп берүүдө. 

Муну белгилеген саясат талдоочулар буга чейин мамлекеттик бийлик органдары менен жарандык коомдун ортосунда диалог камсыздалбай, коррупциялык көрүнүштөр толук жоюлбай келгенин айтышат. Азыр Антикоррупциялык ишкердик кеңештин курамына бардык чөйрөнүн өкүлдөрү кирип, маселени чогуу чечүүгө жол ачылууда.

Антикоррупциялык ишкердик кеңештин биринчи отурумунун жыйынтыгы менен бардык тараптардын катышуусунда 2021-2024-жылдарга коррупцияга каршы стратегиянын концепциясы иштелип чыгат. Анын долбоорун декабрдын ортосунда коомдук талкууга коюу пландалууда. Натыйжада жемкорлукка каршы күрөш системалуу түрдө жүргүзүлөт. Себеби азыр Кыргызстан коррупциянын деңгээли жогору өлкөлөрдүн катарында.