Жаңылыктар
2014-2015-окуу жылында мектептердин саны 409га көбөйгөн
Билим
2014-2015-окуу жылында мектептердин саны 409га көбөйгөн

Союз таркагандан кийин Кыргызстанда билим берүү системасында өзгөчө орто билим берүү мекемелеринде туруктуулук бир катар жылдарга чейин сакталып келгени маалым. Бирок кийинчерек  тармакта  мектепердин саны өсүп, ага удаа эле формалары боюнча өзгөрүүлөр пайда боло баштаган. Билим берүү  жана  илим министрлигинин  маалыматтарына таянсак, өлкө көз карандысыздыгын алган  жылдары  республика боюнча жалпы 1796 орто мектеп болсо, 2014-2015-окуу жылында алардын саны 2205 болуп, 409 мектепке көбөйгөн. 

Мектептердин  менчик түрү көбөйүп, тактап айтканда, 269 мектеп мамлекеттик, 72 мектеп мамлекеттик эмес статуска ээ жана 1864 жалпы орто билим берүүчү окуу жайы муниципалдык менчикке тиешелүү болуп калган.  Аталган мекемелерде  билим алып жаткан балдардын саны дагы арбып, өткөн жылкы маалыматтарга караганда бир миллион 24 миӊ окуучу окуп жатканы маалым болгон.