Жаңылыктар
Чүйдүн Жайыл районунан шайлоо мыйзамдарынын бузулгандыгы тууралуу маалымат түштү
Шайлоо 2023
Чүйдүн Жайыл районунан шайлоо мыйзамдарынын бузулгандыгы тууралуу маалымат түштү

Чүй облусунун Жайыл бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкер Райымкулов тарабынан Сокулук районунун Белек айылындагы стадиондо өткөн ат оюндарынын жүрүшүндө шайлоо мыйзамдарын бузуу фактысы боюнча маалымат келип түшкөн. 

Материалдар “Шайлоочуларды сатып алуу” беренеси боюнча Кылмыштардын жана Жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Сокулук районунун ички иштер башкармалыгы тарабынан сотко чейинки тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.