Жаңылыктар
Совет бийлиги орногонго чейин кыргыз эли сабатсыз болгонбу?
Билим
Совет бийлиги орногонго чейин кыргыз эли сабатсыз болгонбу?

Ушул кезге чейин калыптанып калган: “Совет бийлиги орногонго чейин кыргыз эли туташ  сабатсыз болгон” -деген пикирди тарыхчылар  четке кагууда. Совет доорундагы расмий статистикада  кыргыз элинин сабаттуулугу 1 пайызга жетпеген деп айтылган. Ал эми чындыгында 4 пайыздан ашканына далилдер бар –дешет окумуштуулар. Ушундай эле көрүнүш  Түркстан крайындагы элдерге мүнөздүү болгон. 

Совет доорунда чаар китепти окуткан боз үй мектептери жана  жаңы усулдук  медреселерде кат-сабаты  жоюлган адамдар тууралуу маалыматтарды жайылтууга тыюу салынгандыктан, орус-тузем мектебинде окугандарды гана эсептеп, кыргыздар туташ сабатсыз болгон -деген  пикир түзүлүп калган. Совет бийлиги  орногонго чейин эле билимдин бийик сересине умтулган: Алдаш молдо, Ишеналы Арабаев, Тоголок Молдо, Белек Солтоноев, Ысык Шайбеков өңдүү ондогон кыргыз интеллигенттери  өсүп чыкканы  тарыхта белгилүү.

Зинакан Кайыпова