Жаңылыктар
Шайлоо тилкелеринде өрт коопсуздук эрежелеринин сакталышы текшерилди
Шайлоо 2023
Шайлоо тилкелеринде өрт коопсуздук эрежелеринин сакталышы текшерилди

Жогорку Кеңештин жаңы чакырылыштагы депуттарын шайлоо күнүнө карата Өзгөчө кырдаалдар министрлиги республикадагы шайлоо тилкелеринде өрт коопсуздук эрежелеринин сакталышы боюнча текшерүү иштерин жүргүзүп жатат. 

Иш-чара Өрт өчүрүү жана алдын алуу башкармалыгынын кызматкерлери менен Өрт коопсуздугу боюнча мамлекеттик инспекциясы тарабынан ишке ашырылууда. Бүгүнкү күндө өлкө боюнча жалпы 2435 шайлоо тилкеси болсо, учурда анын 1612си текшерилди. Бул 66 пайызды түзөт. Текшерүүдөн өткөн тилкелердин ичинен 150 шайлоо участкасында коопсуздук эрежелерине туура келбеген кемчиликтер аныкталды. Ал эми калгандарын текшерүү иштери уланууда.

“Президенттин 2021-жылдын 29-августандагы “КРнын депутаттарын шайлоо жана шайлоону дайындоо” жөнүндөгү жарлыгын ишке ашыруу максатында жана ӨКМдин шайлоо тилкелериндеги өрт кырсыктарын камсыздоо боюнча текшерүү иштери жүрүп жатат. Кызматкерлер пландык текшерүүнүн негизинде акт түзүп, аткарууга көрсөтмө кагаздары түзүлүүдө”,- деди ӨКМдин Өрт коопсуздугу боюнча мамлекеттик инспекциясынын директору Бейшебай Акматалиев.

“Текшерүүнүн алкагында, Кыргыз Республикасынын депутаттарын шайлоо тилкелериндеги комиссияларга үгүт-насаат иштери өткөрүлүүдө. Мисалы, өрт чыккан учурда биринчи чара көрүш керек, тилсиз жоонун жайылышына жол бербөө үчүн эмне кылыш керек жана жана тез арада 101 жана 112 кыска номери чалуу керектиги айтылды. Азыркы маалда №13 гимназия-мектебинде инструкташтар өткөрүлүүдө",- деди ӨКМдин Өрт өчүрүү жана алдын алуу башкармалыгынын улук офицери Аскар Муканов.