Жаңылыктар
Борбордук аянтта улуттук кийимдердин көргөзмөсү өттү
Маданият
Борбордук аянтта улуттук кийимдердин көргөзмөсү өттү

Эгемендүүлүктүн жыйырма беш жылдыгына карата борбордук аянтта улуттук кийимдердин көргөзмөсү өттү. Анда атамекендик дизайнерлер улуттук кийим- кечелеринин жаңы үлгүлөрүн көрсөттү. 

Тарых жана маданият жылын өткөрүү боюнча мамлекеттик дирекция уюштурган иш чарага жалпысынан 30дан ашык коллекцияны көрсөтүү пландалган. Бирок акция башталаар алдында катышуучулардын саны арбыган. 

Улуттук музыканын коштоосунда сахнага чыккан ар бир коллекция калың элдин колдоосуна арзып турду. Белгилей кетсек, мындай демилгени ак элечек апалар бирикмеси көтөрүп, мамлекеттик деңгээлде колдоого алынган.