Кемин районунда жайгашкан мобилдик көчмө клиниканын дарыгерлери жергиликтүү тургундарды акысыз кабыл алууда. Анда ондон ашык түрдүү багыттагы дарыгерлер заманбап медициналык жабдуулардын жардамы менен дартты аныктап, дарыланууга багыт беришет. Клиника аймакта 2 жарым ай иштейт.