Жаңылыктар
Москва: өрт чыккан басмакана 4 жылдан бери текшерүүгө алынган эмес
Кырсык
Москва: өрт чыккан басмакана 4 жылдан бери текшерүүгө алынган эмес

Москва шаарындагы өрт чыккан басмакананын арендаторлору эки миң чарчы метрге 11 мыйзамсыз имаратты өз алдынча куруп алгандыгы белгилүү болгон. Бул тууралуу Россиянын Башкы прокуратурасы расмий сайтына жарыялады. 

Ал эми каза болгондордун экөөсүнүн гана документтери талапка жооп берсе, калган 12синин каттоодон өтүү боюнча документтери мыйзамсыз экендиги аныкталган. Учурда тергөө амалдары уланып жатат. Ошондой эле Москва шаарындагы өрт чыккан басмакана төрт жылдан бери текшерүүгө алынган эмес. 

Айта кетсек, 27-август күнү Москва шаарынын түндүк-чыгыш аймагындагы Алтуфьевск шоссесинде жайгашкан "Печатный экспресс" басмаканасында өрт чыгып, анда иштеген Кыргызстандын 14 жараны каза болгон эле.