Жаңылыктар
31-август күнү республикада абал туруктуу болду
Кыргызстан жаңылыктары
31-август күнү республикада абал туруктуу болду

Бул тууралуу ичк иштер министрлиги маалымдады. 

Эгемендүүлүк күнүндөгү жалпы майрамдык иш-чаралар эч кандай коогалаңсыз өттү. 

Эскерте кетсек, Бишкектеги тартипке 4 миңден ашуун милиция кызматкери көз салып турду.

 "Атайылаштырылган кызматтар коомдук-саясий абалды тыкыр иликтеп чыгып, тартип бузуу менен кылмыштардын алдын алуу боюнча бир катар чараларды көрүштү", - деп билдирди министрлик. 

Эгемендүүлүк күнү өлкөдө абал туруктуу болуп, эл көп чогулган жерде эч кандай чукул кырдаал байкалган жок, дешти милиционерлер.