Жаңылыктар
Шайлоону таза өткөрүү боюнча төрт тараптуу келишимге кол коюлду
Шайлоо 2023
Шайлоону таза өткөрүү боюнча төрт тараптуу келишимге кол коюлду

Саясий өнөктүккө катышып жаткан партиялар, шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү боюнча республикалык штаб, БШК жана "Келечекке жол" улуттук долбоорунун уюштуруучулары шайлоону таза өткөрүү боюнча атайын келишимге кол коюшту. 

Төрт тарап өзүлөрүнө таандык милдеттерди так аткарууга убадалашты. Жыйынга катышкан коомдук ишмерлер саясий кызыкчылык үчүн элди бөлүп-жаруудан, кара пиардан, добуш сатып алуу сыяктуу ыплас ыкмалардан алыс болууга чакырышты. Мындай келишимди мурдагы шайлоолордо партиялар өз алдынча түзүп келишсе, эми төрт тараптуу макулдашууга алгачкы жолу жетишилип отурат.