Жаңылыктар
Шайлоо-2021: Талапкердин дипломунан чыккан талаш
Шайлоо 2023
Шайлоо-2021: Талапкердин дипломунан чыккан талаш

БШК жасалма диплом колдонду делген талапкер боюнча иликтөөнүн жыйынтыгын күтөт. Борбордук шайлоо комиссиясында УКМКнын сунушу каралды. Талапкер тизмеге катталган партия болсо айтылган дооматтарды четке кагууда.

Буга чейин окуучуларды үгүт өнөктүгүнө катыштыруу, мамлекеттик кызматкерлердин үгүт жүргүзүшү өңдүү эреже бузууларга байланыштуу айрым партия, талапкерлерге эскертүү берилип, тиешелүү кызмат адамдары иштен да алынган. Ал эми добуш сатып алууга шектелген талапкер жарыштан четтетилди. БШКнын отурумунда арыз-даттануулар каралууда. Бул ирет Борбордук шайлоо комиссиясына УКМК талапкерлердин бири жасалма диплом колдонгону тууралуу билдирип, аны шайлоодон четтетүүнү сунуштады.