Таза жана адилеттүү шайлоо өткөрүүгө багытталган тегерек стол жыйыны Жалал-Абад облусунда да өттү. Анда административдик ресурс колдонгон жетекчилер, үгүт ишине аралашкан мамлекеттик кызматкерлердин мыйзам бузганы аныкталса, жоопко тартылары эскертилди.
Таза жана адилеттүү шайлоого багытталган жыйын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен шайлоого аттанган талапкерлердин бир аянтчада маселелерди талкуулоосуна арналды.