Жаңылыктар
БШК шайлоочулардын акыркы тизмеси "Тизме" мамлекеттик порталына жайгаштырылганын маалымдайт
Шайлоо 2023
БШК шайлоочулардын акыркы тизмеси "Тизме" мамлекеттик порталына жайгаштырылганын маалымдайт

28-ноябрда өтө турган Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоочулардын акыркы тизмеси ушул жылдын 18-ноябрында түзүлүп, шайлоочулардын "Тизме" мамлекеттик порталына жайгаштырылды. 

Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, шайлоочулардын акыркы тизмелери добуш берүү күнүнө жети календардык күн калганда шайлоо участкаларында илинет. 

Жалпысынан 2 миң 494 шайлоо тилкеси ачылса, анын 59у чет өлкөдө, Кыргызстанда 2 миң 435. 11-апрелде өткөн “Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө” мыйзамынын долбоору боюнча референдумга катышкандардын санына салыштырмалуу шайлоочулардын жалпы саны 97 миң 219 шайлоочуга көбөйгөн.

Бирдиктүү шайлоо округу боюнча шайлоочулардын акыркы тизмесине 3 млн. 703 миң 420 шайлоочу кирсе, анын ичинен 84 миң 128 шайлоочу чет өлкөлөрдө түзүлгөн шайлоо тилкелериндеги шайлоочулардын тизмесине киргизилген. Үстүбүздөгү жылдын 9-сентябрында жарыяланган алдын ала тизмедеги шайлоочулардын санына салыштырмалуу 16 миң 499 шайлоочуга көбөйгөн. 

Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча шайлоочулардын саны чет өлкөдө катталган шайлоочуларды эсепке албаганда 3 млн. 619 миң 292 адамды түздү. 9-сентябрда жарыяланган бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча алдын ала тизмеге салыштырмалуу 1701 шайлоочуга көбөйгөн.