Жаңылыктар
Орусиядагы Илим жана техника жылына арналган орус-кыргыз студенттеринин жолугушуусу
Билим
Орусиядагы Илим жана техника жылына арналган орус-кыргыз студенттеринин жолугушуусу

Москвада Орусиядагы Илим жана техника жылына арналган орус-кыргыз жаштар-студенттер жолугушуусу аяктап жатат. Үч күнгө созулган иш-чара Россиянын технологиялык университетинде өттү.

Иш-чарада жаш окумуштуулардын, ЖОЖдордун окутуучуларынын /адистеринин, илимий уюмдардын кызматкерлеринин, жаштардын илимий жана билим берүү долбоорлорунун авторлорунун жана лидерлеринин диалогу болуп өттү. Ошондой эле илимде өзүн-өзү ишке ашыруунун актуалдуу мүмкүнчүлүктөрү, илим-билимдин келечеги жана карьералык мүмкүнчүлүктөр көрсөтүлдү. Иш-чаранын илимий программасында “Академиялык чөйрө - жаштардын өнүгүү вектору” жана “Жаштар технологиялык бизнес-долбоорлору - стартаптар: тенденциялар жана мүмкүнчүлүктөр” темалары боюнча дискуссиялык аянтчалар, ошондой эле өзүн-өзү өркүндөтүү боюнча кесипкөй тренерлердин тематикалык сессиялары камтылган.