Жаңылыктар
БШК шайлоочулардын акыркы тизмесин жайгаштырды
Шайлоо 2023
БШК шайлоочулардын акыркы тизмесин жайгаштырды

28-ноябрда өтө турган Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоочулардын акыркы тизмеси түзүлүп, "Тизме" мамлекеттик порталына жайгаштырылды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы билдирди. 

Шайлоочулардын акыркы тизмеси добуш берүү күнүнө жети календардык күн калганда илинет. Жалпысынан 2 миң 494 шайлоо тилкеси ачылса, анын 59у чет өлкөдө. Бирдиктүү шайлоо округу боюнча шайлоочулардын акыркы тизмесине 3 млн 703 миң 420 шайлоочу кирсе, анын ичинен 84 миң 128 шайлоочу чет өлкөлөрдө түзүлгөн.

Үстүбүздөгү жылдын 9-сентябрында жарыяланган алдын ала тизмедеги шайлоочулардын санына салыштырмалуу 16 миң 499 шайлоочуга көбөйгөн. Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча шайлоочулардын саны 3 млн 619 миң 292 адамды түздү.