Жаңылыктар
Парламент өз ишин баштады
Саясат
Парламент өз ишин баштады

Парламенттин VI чакырылышы бүгүн жайкы эс алуудан кийин кезектеги сессиясын баштады. Жыйынга Президенттин, Өкмөттүн өкүлдөрү катышты. Депутаттар 27-августа Москва шаарындагы өрт кырсыгынан курман болгон 14 кыргыз жаранын жана жол кырсыгынан каза болгон 10 адамды ордунан туруу менен эскеришти.

Төрага Чыныбай Турсунбеков эл өкүлдөрүн кечээ, 31-августа салтанаттуу белгиленген эгемендүүлүктүн 25 жылдык маарекеси, Жогорку Кеӊештин кезектеги сессиясынын башталышы менен куттуктап, чейрек кылым аралыгында кыргыз парламенти кыйла такшалганын, анын ичинде азыркы чакырылыштагы парламент да өз ишин өркүндөтүү багытында ырааттуу аракеттерди көрүп жатканын баса белгиледи. 

Төраганын айтымында, өткөн сессия мезгилинде кыргыз парламенти өлкөнүн мыйзамдык базасын бекемдөө, өкүлчүлүк жана көзөмөл милдеттерин аткаруу жаатында алгылыктуу иш алпарды, жай мезгилинде депутаттар өлкө аймагында көптөгөн жолугушууларды өткөрүп, жергиликтүү тургундардын ал-жайы менен таанышып, алардын көйгөйлөрүн чечүү боюнча иш жүргүздү.


Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118