Жаңылыктар
Эгемендүүлүк күнүндө жарык дүйнөгө келген наристелер
Кыргызстан жаңылыктары
Эгемендүүлүк күнүндө жарык дүйнөгө келген наристелер

31-август - майрам күнү жылнаамада кызыл болгондуктан, көпчүлүк мекеме-ишканалар иштеген жок. Бирок майрам жана эс алуу күндөргө карабаган төрөт үйлөрүндө демейдегидей эле иш күн уланды.

21 жаштагы Элнура Закирова, 31-августка караган түнү саат 1 жарымда тун кызын жарык дүйнөгө алып келди. Ымыркайынын аман-эсен төрөлгөнүнө кубанган жаш эне учурда кубанычы койнуна батпай турат.

Көзөмөлдөгөн дарыгерлер сентябрдын башында бошоносуң деп көрсөтмө беришкени менен, 29 жаштагы Айнура дагы, дал ушул майрам күнү көз жарды. Экинчи ирээт эне болуп отурган Айнура баласын карап, буюрса тез эле үйүнө чыгып кетсем деп кубанууда.

Бишкек шаарындагы №2 төрөт үйүндө түнкү 12 ден күндүзгү 12ге чейин 6 ымыркай төрөлдү. Мындагы дарыгерлер да майрамга карабай иштешип, эгемендүүлүк майрамында жарык дүйнөгө келип жаткан наристелерди кубануу менен кабыл алып жатышат.

Ошентип бүгүн бир топ үй-бүлөөлөр үчүн кош майрам болуп калды. Төрөт үйлөрүнүн айланасында өзгөчө майрамдык маанай күч. Гүл көтөрүп куттуктоо үчүн келген ата-энелерден баштап, мына эми сүйүнчү келет деп күтүп отургандар да бар. 

Кыргызстандын эгемен майрамында төрөгөн энелердин баары, балдарын келечекте элине кызмат кылган инсандардан болот деп жөрөлгө кылууда. Эң башкысы ден-соолукта болуп, аман-эсен чоноюшсун деп тилеп туралы.