Жаңылыктар
ИИМ: үгүт иштеринде жана шайлоо күнү коомдук тартипке көзөмөл күчөтүлөт
Шайлоо 2023
ИИМ: үгүт иштеринде жана шайлоо күнү коомдук тартипке көзөмөл күчөтүлөт

Элдин талабы менен шайлоо өткөрүү үчүн бир катар мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилип, добуш сатып алууга, административдик ресурсту пайдаланууга бөгөт коюу белгиленген. Бирок, административдик ресурсту кыянаттык менен колдонуу, добуш сатып алуу жана башка ушул сыяктуу мыйзам бузуулар күнүгө катталууда. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинде өткөн Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүү боюнча онлайн кеңешмеде айтылды.

Кеңешмеде үгүт иштери жана шайлоо күнү коомдук коопсуздук менен жол кыймылынын эрежелерин сактоону күчөтүлгөн тартипте камсыздоо, шайлоо тилкесине бөлүнгөн кызматкерлерге тиешелүү шарттарды түзүү, бюллетендерди коштоо жана кайтаруу, коомдук жайларга, көчөлөргө жана эл көп чогулган аймактарга күнү-түнү кайгуул иштерин жүргүзүү, добуш сатып алуу, административдик ресурсту колдонуу, шайлоо учурунда элди ташуу, ар түрдүү туура эмес маалыматтарды таратып элди бөлүп-жаруу, жарандар арасында бүлүк салуу жана башка ушул сыяктуу коомго жат көрүнгөн окуяларга, фактыларга жол бербөө үчүн алдын ала мониторинг жүргүзүп, аныкталган фактыларга карата катуу чараларды көрүү тапшырмасы берилди.