Жаңылыктар
Ош шаарында жаңы мектеп-лицейдин ачылышы болду
Билим
Ош шаарында жаңы мектеп-лицейдин ачылышы болду

Өлкөнүн келечеги үчүн билим берүү тармагын өнүктүрүү - өкмөттүн артыкчылыктуу багыты. Андыктан республикалык бюджеттин 19,2 пайызы билим берүүгө жумшалат. Бул туурасында өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков Оштогу «Жетиген» мектеп-лицейинин ачылышында билдирди. 

Аталган лицей казак Президентинин каржылоосу менен 500 окуучуга ылайыкташтырылып салынды. Ушундай эле меткеп-лицей Бишкекке да курулат. Өкмөт башчы казак президенти Нурсултан Назарбаевге ыраазычылык билдирип, мектепти эки өлкөнүн достугунун символу катары баалады .


Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118