Жаңылыктар
Ак-Ордо - 3 тургундарынын жер тилкелери мыйзамдаштырылат
Кыргызстан жаңылыктары
Ак-Ордо - 3  тургундарынын жер тилкелери мыйзамдаштырылат

Ак-Ордо-3 конушу Чүй облусунун Сокулук районунун Ново-Павловка айыл өкмөтүнө карайт. Бүгүнкү күндө 13 миң үй-бүлө жашайт, бирок үйлөрүнө ээлик кыла турган документтери жок. Себеби, алар убагында үлүш жерди сатып алып, там салышкан. Мындагы тургундар мамлекет башчынын көңүлүн дал ушул трансформация көйгөйүнө бурушту.

Буга чейин 2007-жылы Ново-Павловка айыл өкмөтүнүн токтому менен 41 гектар жер тилкеси трансформацияланып, муктаж болгондорго бөлүнүп берилген. Бирок, азыр шылуундар тарабынан трансформация боюнча эч кандай токтом кабыл алынган эмес деген шылтоо менен жүздөгөн адамдын “кызыл китептерин” сот аркылуу жокко чыгаруу аракети болууда. Жергиликтүүлөр ошол эле адамдардын өздөрү жер тилкелерин кайрадан муктаж болгондорго сатып жатканын айтышууда.