Жаңылыктар
Шайлоо мыйзамдарын бузгандарга чара көрүлүүдө
Шайлоо 2023
Шайлоо мыйзамдарын бузгандарга чара көрүлүүдө

Борбордук шайлоо комиссиясына шайлоонун үгүт мезгилинде мыйзам бузгандар боюнча арыздар дагы деле келип түшүүдө. Мындан сырткары добуш сатуу жана сатып алуу, административдик ресурс колдонгондор да бар. Ошондой эле, азыркы учурда айрым талапкерлердин жогорку окуу жайды аяктаганы боюнча дипломдорунун чын-бышыгы текшерилүүдө. 

Азыркы учурга карата шайлоодогу үгүт өнөктүгүнүн эрежелерин бузгандар боюнча келип түшкөн арыздардын саны 119га жетти. Борбордук шайлоо комиссиясы өзүнүн жыйынында алардын ар бирин дыкат карап, тиешелүү чечимдерди чыгарууда.

Мындан сырткары Борбордук шайлоо комиссиясы талапкер Бакыт Тентишевге үгүт өнөктүгүнүн эрежесин бузгандыгы үчүн айып салуу чечимин кабыл алды. Ал шайлоого тиешелүү көрнөк жарнактарын мектепке жакын жерге илген, бул болсо мыйзамда тыюу салынган.