Жаңылыктар
Шайлоо-2021. Добуш берүүнүн жол-жобосу
Шайлоо 2023
Шайлоо-2021. Добуш берүүнүн жол-жобосу

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого карата бюллетендер "Учкун" басмаканасында даярдалып, Боршайкомго өткөрүлүп берилди. Өз кезегинде БШК бюлеттендерди аймактарга, чет өлкөдөгү шайлоо тилкелерге жөнөттү. Мындан тышкары талапкерди туура тандоо жана бюлеттенди толтуруу эрежелери тууралуу маалыматтар камтылган гезиттер чыгарылып, аймактарга таратылды. Добуш берүүнүн жол-жобосу жөнүндө кабарчыбыздын материалында.

Мыйзамга ылайык Боршайком добуш берүүгө 7 күн калганда бюлеттендерди басып чыгарууну уюштуруп, шайлоо участокторуна таратышы керек. Даярдалган бюллетендерди кабыл алуу-өткөрүү актысына кол коюу маалында БШК мүчөлөрү, байкоочулар, саясий партиялардын жана талапкерлердин, басмакананын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты.

Жараксыз деп табылган бир тоннадай бюлеттень катышуучулардын көзүнчө майлаланып жок кылынды. Басмакана тарыхында көп көлөмдө бюлеттень биринчи жолу даярдалып, бул жолу анын үлгүсү да өзгөртүлдү.