Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров "Газпромбанктын" биринчи вице-президенттери, башкармалыктын мүчөлөрү Денис Камышев жана Алексей Попович менен жолугушту.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү улуттук мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү жана бул чөйрөнү өркүндөтүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Кыргызстанда транс чек аралык банктык колдоо жаатында "Газпромбанктын" тажрыйбасын жана технологияларын колдонуу маселелери талкууланды. Буга чейин бул маселени иликтөө боюнча тапшырманы Президент Садыр Жапаров берген.
Тараптар ошондой эле банктык колдоо кызматтарын илгерилетүү боюнча өз ара аракеттенүүнүн айрым аспектилерин, мамлекеттик сатып алууларды каржылоо механизмдерин, Россиядан Кыргызстанга эмгек мигранттарынын төлөмдөрүн жүргүзүү системасын өркүндөтүүнү сүйлөштү. Жолугушууда мамлекеттик долбоорлорду жана программаларды ишке ашырууда контракттарга банктык колдоо көрсөтүүнү киргизүү максатында кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюлду.
"Газпромбанк" акционердик коому – корпоративдик жана жеке кардарларга, каржылык институттарга, институционалдык жана жеке инвесторлорго банктык, каржылык, инвестициялык кызматтарды көрсөтүүчү ири универсалдуу каржы институттарынын бири. Банк газ, мунай, өзөктүк, химиялык жана нефтехимия, кара жана түстүү металлургия, электр энергетикасы, механикалык машина куруу жана металл иштетүү, транспорт, курулуш, байланыш, агроөнөр жай комплекси, сооданы тейлеген Россиядагы үч ири банктын катарына кирет.