Жаңылыктар
Мекендештер россиялык өнөктөштөр менен "Документ KG” компаниясын ишке киргизишти
Мекендештер
Мекендештер россиялык өнөктөштөр менен "Документ KG” компаниясын ишке киргизишти

Москвада мекендештер үчүн документтерди даярдоочу социалдык багыттагы компания ишин баштады. Анын бардык иш-аракеттери мыйзамдуу, Орусиянын жана Кыргызстандын мыйзамдарына негизделген. 

Көптөгөн мекендештерибиз Орусияга иштегени келип, ийри суммадагы акчага документ жасап берген шылуундарга кабылышат. Тиешелүү органдар текшере келгенде алар жасалма экени аныкталат. Жарандарга айып пул салынып, өлкөдөн чыгарууга чейин барат.

Жакында эле мекендештерибиз орусиялык өнөктөштөр менен биргеликте “Документ KG” компаниясын ишке киргизишти. Анда кыргызстандыктар жумушка орношуудан баштап, эмдөөгө чейин 20дан ашык кызматтарды ала алышат. Бул жерде берилген бардык документтер легалдуу, көптөгөн кызматтар акысыз көрсөтүлөт.