Жаңылыктар
Ысык-Көлдө парламенттик шайлоону таза өткөрүүгө багытталган тегерек стол өттү
Шайлоо 2023
Ысык-Көлдө парламенттик шайлоону таза өткөрүүгө багытталган тегерек стол өттү

Ысык-Көл облусунда шайлоонун алкагында добуш сатып алуу, административдик ресурсту колдонуу, бири-бирин далилсиз каралоо иштерине бөгөт коюлат. Мындай чечимди  шарттаган меморандумга Коррупцияга каршы ишкердик кеңешинин отурумунда шайлоого  аттанган талапкерлер, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кол койду.

Ысык-Көлдө парламенттик шайлоону таза өткөрүүгө байланыштуу өткөн отурумда үгүт өнөктүгү учурунда талапкерлерге бирдей шарт түзүлгөндүгү айтылды. Ошондой эле, админресурсту колдонбоо жана анын жоопкерчилиги боюнча бардык кызматтарга эскертүүлөр берилген. Бирок үгүт иштери башталгандан бери, тартип сакчыларына ар кандай маанидеги он төрт кайрылуу түшкөн.

Отурумдун айрым катышуучуларынын пикиринде саясий өнөктүккө аттангандар элдин көйгөйүн жакындан талдап, ар бир аймактын шартын эске алуу менен программасын түзүү керек эле дешет.

28-ноябрда боло турган добуш берүүнүн таза өтүшүнө ар бир жаран жооптуу. Мындан улам жыйынга катышкан талапкерлердин өкүлдөрү "Добуш сатып албоо" резолюциясына, ал эми, мамлекеттик кызматкерлер "административдик ресурсту иштетпөө" келишимине кол койду.

Бул жыйындын катышуучулары эң ириде өлкөнүн беделине шек келтирген терс аракеттерди жоюуга коюлган мамлекет башчынын талабы натыйжасын бере баштады дешет.